• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Семетей" обсервациясында бейтаптар үчүн 500дөн ашуун орун бош

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") госпитализация пунктунда бейтаптар үчүн 517 орун бош. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ррыспек Жолдошбаев билдирди.

“27-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 109да бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап бар, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орундук бош”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий