• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Семетей” обсервациясында чатырлар алынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт - штаб

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. “Семетей” обсервациясында чатырлар алынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин кызматкерлери тарабынан коронавирус инфекциясы тастыкталган бейтаптарды кабыл алууга кошумча чатырлар орнотулган. Бирок, алар демонтаж болгон эмес, болгону бир чатыр башка орунга жылдырылган.

“Facebook социалдык тармагында COVID-19 менен бейтаптарды кабыл алууга орнотулган чатырлар ЖМКнын өкүлдөрү тарагандан кийин демонтаж боло баштады деп тараган видео чындыкка дал келбейт. Тилекке каршы, коронавирус менен бардык күчтөр күрөшүп жаткан учурда, социалдык тармактын айрым колдонуучулары атайын жалган маалымат таратып жатканы өкүндүрөт”, - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министри З. Аскаров керектүү учурда ведомство кошумча чатырларды өлкөнүн башка райондоруна дагы койгонго даяр экендигин айткан.

Пикир

Оставить комментарий