• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Семетей" обсервациясындагы чыр: Көбүн үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясындагы кырдаалга байланыштуу, Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан келген жарандарды жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен жакындар менен байланышкан жактардан аныкталган 43 учурдан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат.

"Медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу врач КР ССМдин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак чыккан. Ал жерге Соль-Илецкиден келген 432 жараныбыз жаткырылган. Чыр-чатактын себеби, алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий