• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Семетей" обсервациясындагы жарандар ызы-чуу салганы үчүн эмес, алгоритмге ылайык чыгарылды – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. "Семетей" обсервациясындагы жарандар ызы-чуу салганы үчүн эмес, алгоритмге ылайык чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, "Семетей" обсерваторунда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандар жайгаштырылган. Бишкекке Соль-Илецктен 541 жаран келген. Алгач алардын арасында 58 адамдан коронавирус аныкталган. Мындан улам Соль-Илецктен келгендердин арасында дагы бир ирет лабораториялык изилдөө жүргүзүп туруп, андан соң үй карантинине чыгаруу каралган. Бир жумадан кийин текшергенде дагы 43 адамдан коронавирус аныкталган.

Белгилүү болгондой кечээ "Семетей" обсервациясында жаткандар чыр чыгарып, аларды үй карантинине чыгарууну талап кылган. Үсөнбаев чыр эмнеден улам чыкканын, ал жактагы жарандар эмне себептен үй карантинине кое берилгенин айтып берди. Анын айтымында, кечээ обсервацияда болгон ызы-чууну туура эмес маалыматтарга ишенген жарандар чыгарган. Бирок обсевацияга алынган жарандар кечээги ызы-чуу үчүн эмес, алгоритмге ылайык үй карантинине чыгарылды. Ошондой эле Үсөнбаев алар министрлик тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык иш алып барарын айтып, ызы-чуу салса эле кое берет экен деп түшүнүү туура эмес экенин билдирди.

"Кечээ обсервациядан чыга турган күн болгон. Экинчи ирет алынган тесттин жыйынтыгы таза чыккандарды чыгара баштадык. Кечээ Бишкек жана Чүй облусунда жашагандардын баары чыгарылып, үйлөрүнө жеткирилди. Соль-Илецктен келген 541 жарандын 474ү (арасында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан чыгарылып жаткандар бар – ред.) чыгарууга даярдалды. Алардын баарынан үй карантиндин эрежесин сактайбыз деген милдеттенмелерди алганбыз. Ошондой эле атайын телфондоруна тиркеме жүктөдүк", - деп, ал үй карантинине чыккан адамдарды көзөмөлгө алуу үчүн алар тууралуу маалымат жергиликтүү медицина жана милиция кызматкерлерине берилерин айтып өттү.

Үсөнбаев билдиргендей, коронавирус табылган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылган. Бүгүнкү күнгө карата 3 адамдан коронавирус аныкталган – Соль-Илецктен келгендердин арасында жалпы 104 учур катталды. Азыркы тапта "Семетей" обсерваторунда 16 адам калууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243тү түзөт. Алардын ичинен 898 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий