• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Семетей” ооруканасында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери 90% аяктады

COVID - 19 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. “Семетей” ооруканасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери 90% аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, блоктордун бирин 50 орундуу реанимация бөлүмүнө ылайыкташтыруу ишке ашырылды.

“Дубалдарды демонтаждоо жана актоо, канализация тутумун орнотуу, блокторго электр зымдарын орнотуу, блокторго флакондорду орнотуу, жандандыруу блогунун кире беришине тамбур орнотуу жана блоктордун дубалдарын суу негизиндеги боёк менен актоо иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле учурда оорукананын имаратын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн электр конвекторлорун сатып алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий