• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Семетей» пунктунда кошумча талаа госпиталы орнотулду - ӨКМ

Ден соолук 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. «Семетей» пунктунда (мурдагы «Ганси» авиабазасы) кошумча талаа госпиталы орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген.

“Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана материалдык балуулуктарды сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпиталы 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат. Медициналык каражаттарды тиешелүү мамлекеттик орган камсыздайт”, - деп айтылат маалыматта.

Талаа госпиталын орнотуу иштери министр Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө ишке ашырылды. Иш-чарага жалпысынан министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий