• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түптө айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү менен коштолгон семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылында "Эрдик" айыл чарба ишканасынын базасында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун катышуусунда айыл чарба багытында семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган семинарды Айыл чарба министрлиги облустук администрация жана Түп райондук администрациясы менен биргеликте уюштурду.

Семинарда жакында эле лизингге сатылып алынган жер иштетүүгө керектелүүчү жаңы техникалык шаймандар, тактап айтканда жамгырдан суу алып пайдаланчу жаңы заманбап техника жана ачык системадагы насостор көргөзмөгө коюлду.

Андан тышкары, Айыл чарба министрлигине караштуу бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жеке көргөзмөсү өттү.

Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнөн тышкары дыйканчылык менен алектенген жергиликтүү ишкерлер, активисттер жана дыйкандар катышты.

Пикир

Оставить комментарий