• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Семирип кетүүдөн кооптонсоңуз жаңгак жеңиз. Жаңы изилдөө

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Күн сайын аз сандагы жаңгак колдонуу семирип кетүүнүн алдын алаарын америкалык окумуштуулар аныктады. Изилдөөнүн жыйынтыгы MedicalXpress сайтында жарыяланды.

Оң таасир бериш үчүн күнүнө 14 грамм гана жаңгак жеш керектелет. Ушул өлчөмдөгү жаңгакты дайыма жегендердин 5 кг салмак алуу коркунучу жана семирип кетүүсү башкаларга караганда 23%га төмөндөгөн.

Салмак кошууну каалабасаңыз, анда куурулган тамак-аш, сүрсүтүлгөн эт, шоколад, таттуу токочтордон баш тартканыңыз оң экендигин окумуштуулар билдирет. Изилдөөгө 300 миңдей адам катышып, аларга 20 жылдан ашык байкоо жүргүзүлгөн.

Изилдөөгө катышкандар өздөрүнүн салмагы, тамактануусу, спирт ичимдиктерин ичүүсү жана физикалык активдүүлүгү туурасында маалымат беришкен.

Пикир

Оставить комментарий