• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Сен - менин баатырымсың" аттуу электрондук китеп 6 тилде жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. "Сен - менин баатырымсың" аттуу электрондук китеп 6 тилде жарыяланды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп 6-11 жаштагы балдарга арналган. Китепте коронавирустан жана жаңы коркунучтардан өзүн, үй-бүлөсүн жана жакындарын кантип сактоо боюнча кеңештер берилет.

Китеп 50 уюмдун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, "Балдарды сактоо" уюму ж.б.) жардамы менен чыгарылды. Китеп онлайн жана аудио түрүндө чыкты.

Пикир

Оставить комментарий