• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сенаторлор Трамптын импичмент жараянын Конституцияга шайкеш келет деп тапты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. АКШ Сенаты 9-февралда кеңири талкуудан соң мурдагы президент Доналд Трампка каршы импичмент сотун жүргүзүүнүн өлкөнүн Башмыйзамына каршы келээр-келбестиги жаатындагы маселени добушка салды.

Добуш берүүнүн натыйжасында, 100 сенатордун 56сы Трампка каршы экинчи импичменттин Баш мыйзамга ылайык экендигин тастыктады, 44 республикачы сенатор бул сунушка каршы добуш беришти.

Эми 10-февралдан тартып Сенатта экс-президент Трампка импичмент жарыялоо боюнча сот жүрүмү улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий