• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 32 өнөр жай ишканалар өндүрүшүн кайрадан жандантты

Экономика 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанда 32 өнөр жай ишканалар өндүрүшүн кайрадан жандантты, 11 жаңы ишкана ишке киргизилип 550 жумуш орун түзүлдү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-сентябрь айларында, өнөр жай субъекттеринин продукция өндүрүү суммасы 167 млрд. 981,6 млн. сом түздү, физикалык көлөмүнүн индекси (мындан ары – ф.к.и.) – 95,3% түздү, ал эми «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү – 107 млрд. 627,6 млн. сомду түздү, физикалык көлөмүнүн индекси – 101,6% түздү.

2018-жылдын сентябрь айында 32 өнөр жай ишканалар өндүрүшүн кайрадан жаңылантты, анын ичинде:

  • 5 тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (ААК, "Каинды-Кант", ЖЧК "Глобал-Алко", ЖЧК "Бахус-Юг", ж.б.;
  • 11 жеңил өнөр жай ишканалары (10 пахта заводу жана ЖЧК "Дружба обувь Компани);
  • 4 курулуш материалдарды өндүрүү компаниялар (ЖЧК «Зета-Компани», ЖЧК «Туркаш-Ата», ЖЧК Железобетон Азат» жана башка тармактары.

Ошондой эле, 2018-жылдын 9 - айдын жыйынтыгы боюнча 11- өнөр жай ишканалары ишке киргизилип 550 жумуш орун түзүлдү, анын ичинде:

  • Ош областында кир жуугуч машина заводу "Артель" (1 млн АКШ долл.), ЖЧК "Син-Дзи-Прим" цемент заводу (88,0 млн АКШ долл.).
  • Ош шаарында ЖЧК "Имзо" пластикалык терезе жана эшик өндүрүү (1,5 млн. АКШ долл.), ЖЧК "Умар Групп" (1,2 млн. АКШ долл.) травертин өндүрүү, ошондой эле жеке ишкер, "Омонова" улуттук кийим чыгарган (58 миң АКШ долл. ОКӨФ);
  • Чүй обласында ЖЧК "Салют Компани" (5,0 млн. АКШ долл.) жардыргыч заттарды өндүрүү, ЖЧК "Евразия металл-групп" металл буюмдарын өндүрүү (Кара-Балта ш. 3,5 млн. АКШ долл.), ЖЧК "Кас Импуль" электрондук детонатор өндүрүү (1,0 млн.АКШ долл.) жана башкалар.

Ошону менен бирге, жыл аягына чейин ЖЧК "Cool Bro’s" трикотаж буюмдарды өндүрүштүк кубаттуулук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландалууда (Чүй областы, Сокулук району, Комсомольск а.). 2018-жылдын ноябрь-декабр айларында өндүрүүнүн көлөмү болжол менен 7 млн. сомго күтүлүүдө.

Азыркы учурда, ЮНИДО долбоору колдоосу менен эл аралык эксперттерди тартуу менен 2019-2024 жылдарда Кыргы Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү стратегиянын долбоорун иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий