• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сентябрда "Түндүк электр" бөлүштүрүүчү компаниясы 427,3 млн сом чогултту

Экономика 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Сентябрь айында "Түндүк электр" бөлүштүрүүчү компаниясы 427,3 млн сом чогултту, - деп билдирет аталган ишкананын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 335,2 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түшкөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5 млн. кВт.саатка көп.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 416,3 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 427,3 млн. сом (102,7 %) чогултулган.

Сентябрь айында көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу: калк арасында –99,9 %, бюджеттик уюмдардан –111,5 %, өндүрүштүк объектилерден- 103,6 %, башка керектөөчүлөрдөн -103,2 % жана айыл чарба объектилеринен –99,9 %га аткарылды.

Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй: Бишкекте төлөм чогултуу – 103,8 %, Чүй облусунда –100,9 %, Талас облусунда –105,6 %ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий