• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сентябрдан тарта муниципалдык унааларда электрондук төлөм киргизилет

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Бишкек шаарынын мэриясы автобустарда жол кире төлөмүн электрондук түргө өткөрүүнү пландаштырууда.

Бишкектин жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасынын директору Нурлан Койчубаковдун айтымында, долбоор аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

“Жалпысынан бизде 400 коомдук унаа бар. “Электрондук билет” системасы өнүккөн өлкөлөрдө кеңири жайылган. Бул жактан алганда биз жаңы нерсе ойлоп тапкан жокпуз. Бул системанын жакшы жактары көп. Башкысы – жол коопсуздугу. Айдоочу жол кире акысын алып, кайра акча кайрып берип алаксыбайт”, - дейт ал.

Аны менен бирге ал төлөнгөн жол кирелерден көбүрөөк каражат чогуларын белгилеп өттү.

Койчубаков система тууралуу айтып жатып, автобустарга терминал орнотула турганын белгиледи. Төлөм жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөр атайын чип, электрондук карта же колго таккан билерик сатып алышат.

Пикир

Оставить комментарий