• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыгын төлөө керек

Экономика 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлктүн менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар - 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий