• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.22./Кабар/. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Сиздерди кирип келген Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде чоң ийгиликтерди, ал эми Сиздин өлкөңүздүн бир тууган элине бакубатчылык жана мындан аркы прогрессти каалайм. Жаңы жыл баарыбыз үчүн жыргалчылыктын жана жаңы жетишкендиктердин жылы болсун!», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий