• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сергей Лавров эки күндүк сапар менен Казакстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-октябрда Казакстанга эки күндүк иш сапар менен келип, өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жана экс-президент Нурсултан Назарбаев менен жолугат.

Бир күнү мурун Казакстан ТИМинин маалымат катчысы Айбек Смадияров Лавров казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен да кездешерин билдирген.

– Орусия менен Казакстандын ТИМ башчылары казак-орус кызматташтыгындагы маанилүү маселелерди, эл аралык уюмдардын жана аймактык интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара мамилесин талкуулашат, – деген Смадияров.

Күн тартибине глобалдык жана регионалдык коопсуздук маселелери да киргизилген.

Тараптар жыл соңуна чейин боло турган иш-чараларды, анын ичинде Омск шаарында өтө турган эл аралык кызматташтыкка арналган 16-форумга, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өтө турган жыйынына даярдыктарды талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий