• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сергей Лебедев КМШ аткаруу комитетинин төрагасы болуп кайрадан дайындалды

Саясат 0

Ашхабад, 11.10.19. /Кабар/. Сергей Лебедев кайрадан КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы болуп дайындалды.

Лебедев кайрадан үч жылга дайындалды. Эске сала кетсек, 31-декабрда анын аталган кызматтагы мөөнөтү аяктамак.

Лебедевдин талапкерлигин Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий