• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сергек жашоого үгүттөө. Ош мэриясы шаар тургундарын таңкы көнүгүүлөргө чакырат

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Эртең, 10-июнда эртең мененки саат 07:00дөн 08:00гө чейин Ош шаарынын үч кичи районунда таңкы көнүгүүлөр уюштурулат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты шаар тургундарын жана конокторун дене тарбияга жана сергек жашоого тартуу болуп саналат.

Таңкы машыгуулар төмөнкү жайларда өтөт:

  • Токтогул Сатылганов атындагы сейил багы;
  • «Манас-Ата» аймактык башкармалыгынын У.Салиева көчөсүндөгү аллеяда;
  • «Керме-Тоо» аймактык башкармалыгынын Анар кичи районундагы Абдыкадыров көчөсүндөгү аллеяда.

Иш-чаранын программасында булчуңдарды алдын ала жумшартуу, көнүгүүлөрдү аткаруу жана чуркоо бар.

Белгилей кетсек, таңкы көнүгүүлөр шаардын ар кайсы райондорунда ар ишемби күнү өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий