• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сергитүүчү коктейль жасоонун жөнөкөй ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Жай айынын ысык күндөрүндө суусундуктарга суроо-талап жогорулайт. Чаңкообузду кандыруу үчүн көбүнесе сатыктагы суусундуктарды ичебиз. Мындай ширелердин жарнамада айтылгандай, табигый өсүмдүктөрдөн жасалаарына, ГМОсуз экенине эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан, үй тиричилигинде даярдалган ширелерди жасаганды үйрөнүү кыйла артыкчылыктуу. Бул топтогу пайдалуу коктейлдер ширеси бир гана табигый жер-жемиштерден жасалып, сиздин аз гана убактыңызды алат. Сиздин жана үй-бүлөңүздүн ден соолугу үчүн мыкты коктейлдердин тобун сунуштайбыз.

“Малина-Лайм” коктейли

Керектелүүчү азыктар:

6 порцияга ылайыкталаган:

2 стакан малина (жаңы же тоңдурулган) жана бир аз кооздоо үчүн да керектелет

1 стакан газдалбаган суу

4 ч. к. лайм ширеси (2 бөлүккө бөлүү)

3 ч. к. клён сиробу

2 ч. к. суюк бал

Газдалган минерал суусу

Даярдоо ыкмасы: Орточо көлөмдөгү сыр идишке малинаны салып, бир стакан газдалбаган сууну, лайм ширесинин бир бөлүгүн, клён сиробун жана балды куюу керек. Сыр идиштин капкагын жаап, орточо отто кайнаганга чейин коюп, андан кийин жай отто капкагы жок кайнатуу керек. Плитабызды өчүргөн соң 15 мүнөт тындырабыз. Андан соң ширени марли же башка каражаттар менен сүзүү керек.

Калган лайм ширесин куюп, муздаткычка коюу керек. Муздаткычта турган чийки коктейлибиз бир жума бою жаңы бойдон тура берет.

Ысыктан сергиш үчүн бийик бокалдарды алып төрттөн бөлүгүн сироп менен толтуруп, ар бирине 180-200 мл муздак минерал, муз салып аралаштырып. Кооздук үчүн үстүнө малина койсо да болот.

«Апельсин-кулпунай-манго» коктейли

Керектелүүчү азыктар:

6 порцияга ылайыкталган

2 стакан апельсин-манго ширеси (же башка тропикалык микс)

1,5 стакан кулпунай

Газдалган минерал суусу

Апельсиндин бөлүктөрү (кооздук үчүн)

Даярдоо ыкмасы: Сыр идишке ширени куюп, капкагын жаап, орточо отто кайнатуу керек. Кайнаган соң капкагын алып 20 мүнөт жай отто кайнатып, 1.5 стакан суюктук азаймайынча оттон албайбыз. Кулпунайды блендерден майдалап алабыз. Даяр болуп алынган пюрени марлиден сыгып алабыз. Кулпунай ширеси менен тропика сиробун аралаштырып толугу менен муздоо үчүн муздаткычка салуу керек. Бул кошулма да бир жума убакытка чейин тура берет. Ар бир бокалды сироп менен толтуруп, 150–180 мл муздак минерал суусун кошуп, жакшылап аралаштыруу керек. Ал эми бокалды апельсиндин бөлүктөрү менен кооздоп коюңуз.

«Чие-ваниль» лимонаты

Керектелүүчү азыктар:

6 порцияга ылайыкталган

3 стакан өтө таттуу эмес чие ширеси

1 таякча ванил (узундугу 15 см болгондой)

Газдалган минерал суусу

Даярдоо ыкмасы: Сыр идишти алып ага чие ширесин куябыз жана ага ванил таякчаларын салабыз. Оозун жаап орточо отто кайнатып, андан соң оозун ачып отту азайтып, 35-40 мүнөт жай кайнатабыз. Кошулма даяр болуп 1 стаканга азаят, андан соң оттон алып муздатабыз. Идиштеги даяр болгон сиробуздан ванил таякчаларын алып, анан муздаткычка коёбуз. Бул концентрант 2 жумага чейин турат. Бийик бокалдарга сироптун ¼ бөлүгүн куюп ага 180–200 мл газдалган минерал суусун куюп аралаштырабыз да даяр болгон коктейлди үстөл үстүнө алып барабыз.

«Дарбыз-жалбыз» коктейли

Керектелүүчү азыктар

6 порцияга ылайыкталган:

1 стакан жаңы алып келинген жалбыз (мята)

4½ ч. к. майдаланган имбирь (экиге бөлүп алуу зарыл)

¼–½ к. к. кызыл калемпи

Бир чымчым деңиз тузу

½ стакан газдалбаган суу

4 стакан дарбыздын ичи, төрт бурчтук түрүндө кесилген

Газдалган минерал суусу

Даярдоо ыкмасы: Жалбызды, балды, жарым имбирди, кызыл калемпирди жана тузду орточо көлөмдөгү сыр идишке салабыз, оозун жаап орточо отто кайнатып алабыз да, андан соң оозун ачып 4-5 мүнөт жай отто кайнатабыз. Көпкө кайнатууга болбойт, себеби жалбыз көп кайнаганда кочкул жашыл болуп калат, а бизге ачык жашыл бойдон калышы керек. Калган жарым имбирди жана дарбызды блендерге салып жакшылап майдалайбыз, пюреге жеткирбөө керек. Андан кийин сүзгүчтөн өткөрүп, көп шире алганча сыгып алуу керек. 15 мүнөткө коюп коёбуз. Жалбыз сиропту жана имбирь-дарбызды бирдей кошуп аралаштырабыз. Муздаткычка салып, үч күнгө чейин турса болот. Ар бир бокалга сироп куюп 180-200 мл муздак минералдык сууну куюп аралаштырабыз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий