• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сеул шаарында кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсү уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчилиги «BAIRA» мода үйүнүн кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсүн уюштурду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

KOTFA (Korea World Travel Fair) 37-Сеул эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында иш-чаранын конокторуна жана катышуучуларына кореянын дизайнерлеринин корей салттуу ханбок кийимдеринин жана аялдар жана эркектер үчүн заманбап кыргыз улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсү тартууланды.

Аялдардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү: этникалык белдемчи жана чапандардан баштап заманбап кийимдерге чейин кыргыздын жана кореянын элдик обондорунун коштосунда өтүп, корей коомчулугунун кол чабууларына ээ болду.

Конокторду өзгөчө колго жасалган заманбап кыргыздын улуттук кийимдери кызыктырды.

Бул иш-чара Азиядагы эң ири соода-көргөзмө борборлорунун биринде COEX имаратында уюштурулуп, дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн келген өкүлдөрдүн катышуусунда 800гө жакын павильондор ачылды, анын ичинде дипломатиялык өкүлчүлүктөр, аймактык туризм кеңселери, K-Pop продюсердик борборлор, Корея Республикасынын массалык маалымат каражаттары жана башка.

Корея Республикасында Кыргызстан тууралуу позитивдүү имиджин калыптандыруунун алкагында иш-чаранын конокторуна, кореялык жарандарга Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат берүү үчүн видеоматериалдар тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий