• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сеулда бельгиялык сүрөтчүнүн Кыргызстандын жаратылышына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 28-декабрда Бельгия элчилиги жана Корей Фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын элчилигинин көмөгү менен уюштурулган Бельгиялык сүрөтчү Фредерик Байкстын Кыргызстандын жаратылышы тууралуу «Horse Head» (Ат_Башы) аттуу сүрөт көргөзмөсү Сеулдагы Корей фондунун имаратында ачылды.

Малыматка ылайык, ачылыш аземине Корея Фондунун президенти Ли Ге Ын, Бельгиянын элчиси Француа Бентемпс жана Кыргыз Республикасынын элчиси Динара Кемелова катышты.

Өз сөзүндө Бельгия элчиси Бельгия менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 120 жылдыгын майрамдоону, ошондой эле үч өлкөнүн ортосундагы өзгөчө байланышты баса белгиледи.

Корея Фондунун президенти Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна, кызыктуу «Көк-Бөрү» оюнуна өзгөчө көңүл буруп, үч өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде КР элчиси сүрөт көргөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, бардык жактарды Кыргызстандын тоолуу жаратылышынын өзгөчө сыйкырдуулугу, кыргыз элинин көчмөн жашоосу, улуу мурасы – “Манас” эпосу жана меймандостугу менен атагы чыккан Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Бельгиялык сүрөтчү Фредерик Байкс өзүнүн сүрөттөрүн Ат-Башы районуна арнаган. Ал өз эмгегинде адам менен жаратылыштын ортосундагы байланышты баса белгилейт. Анда адамдар менен жаныбарлардын кантип ынтымактуу жашашы, бири-бирине канчалык көз каранды экени, табияттын кээде катаал көрүнүштөрүнө кантип туруштук берери көрсөтүлгөн. Мунун баары Ат-Башы районунун көчмөн тургундарынын жашоо образы жөнүндө түшүнүк берет.

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги Корея Фондунун галереясында, ошондой эле виртуалдык реалдуулукта онлайн форматта өтүүчү 2022-жылдын 9-февралына чейин улана турган бул көргөзмөгө келүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий