• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сеулда “Борбор Азия маданиятынын жумалыгы 2022” көргөзмө-жарманкеси өттү

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. 22-23-октябрда Кореянын Сеул шаарында “Борбор Азия маданиятынын жумалыгы 2022” көргөзмө-жарманкеси өттү болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, көргөзмө Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Борбордук Азия-Корея Республикасы” кызматташтык форумунун катчылыгы тарабынан уюштурулган.

Ошол эле учурда иш-чара өтүүчү жерде 2022-жылдын 31-октябрына чейин Корея менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин юбилейлик датасына арналган инсталляция орнотулду.

Андан сырткары, иш-чарада концерттик программа уюштурулуп, Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүнүн өнөрпоздорунун тематикалык номерлери тартууланды.

Иш-чаранын ачылыш аземине Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери менен бирге Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан улуттук боз үй тигилип, улуттук даамдардан коюлду. Иш-чарага келгендерге кыргыз элинин маданияты, жашоосу жана тарыхы, ошондой эле Кыргызстандагы популярдуу туристтик багыттар тууралуу маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий