• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сеулда КР менен Кореянын ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.12.17./Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов 1-декабрда Сеул шаарында Корея Республикасынын ИИМ министринин орун басары Ли Вук Хёнго ишеним грамотасын тапшырды.

Жолугушуу маалында тараптар Кыргыз Республикасы менен Корей Республикасы ортосундагы кызматташууну талкуулашты. Ли Вук Хён элчини жылуу кабыл алып, тараптар эки өлкө кызыкчылыгындагы ар кайсы багытт боюнча кызматташуу жаатында пикир алмашышты.

Жолугушуунун аягында Ли Вук Хён К.Султановго КРнын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматында ийгликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий