• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сеулда жеңил өнөр жай тармагындагы Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Сеулга болгон Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынына катышуунун алкагында Кореянын соода, өнөр жай жана энергетика министринин орун басары Жонг Дэ Жин менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар акыркы мезгилде өкмөттөр аралык деңгээлде да, эки өлкөнүн бизнес түзүмдөрү аркылуу да бир катар маанилүү иш-чаралар ийгиликтүү өткөнүн, ошондой эле өнөр жай тармагында кызматташуунун олуттуу перспективаларын белгилешти.

Министр Амангелдиев белгилегендей, бүгүнкү күндө республикада монтаждоочу заводдорду түзүүгө жана өндүрүштүк-технологиялык процессте ата мекендик материалдарды колдонуу менен чет элдик ишканаларды локалдаштырууга чоң көңүл бурулуп жатат. Ал ошондой эле республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн инвестиция зарыл экенин, бул аны кайра жандандырууга жана импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгарууга негиз болоорун белгилеп, буга байланыштуу кореялык инвестицияларды экономикага тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Амангелдиев КР өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын жана мындан ары да иш алып барарын ишендирди.

Министр өнөр жай тармагында кызматташуунун бир катар багыттарын ишке ашырууну, анын ичинде медициналык жабдууларды, кубаттоочу кабелдерди жана электромобилдер үчүн түзүлүштөрдү өндүрүү боюнча биргелешкен монтаждоону, «Кыргызиндустрия» ААК аркылуу «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууну, электромобилдерди жана жеңил коммерциялык жүк ташуучу автомобилдерди электр кубаты менен жыйноону ишке ашырууну сунуштады.

Данияр Амангелдиев ошондой эле текстиль өндүрүшүндө санариптик технологиялар боюнча кыргыз-корей кызматташтык борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Корея тарап жеңил өнөр жай тармагында кызматташуунун ийгиликтүү курсун белгилеп, эркин экономикалык аймактардын алкагында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий