• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сеулдагы каргашалуу окуя. Садыр Жапаров Кореянын президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 30.10.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлго Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Итхэвон районунда орун алган массалык тыгындын натыйжасында көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий