• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Түндүкэлектр” Бишкек, Чүй жана Талас облустарында кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотууда

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. “Түндүкэлектр” ААК Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында 6/10-0,4 кВ чыңалуусундагы кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотууда. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыш мезгилинде “Түндүкэлектр” ААКнын кээ бир райондук электр тармактарынын трансформатордук көмөкчордондору жана төмөнкү вольттогу тармактары 100% жогору жүктөм менен иштешет, бул электр жабдууларынын бузулушуна жана авариялардын санын көбөйүшүнө алып келет. Ашыкча жүктөм менен иштеген көмөкчордондордун жүктөмүн азайтуу максатында “Түндүкэлектр” ААК кыш мезгилине чейин өз каржы эсебинен 14 млн. жакын сомго 43 кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотот, анын ичинен:

Бишкек шаарына-4;

Чүй облусуна-24;

Талас облусуна-15

Бөлүштүрүүчү компания бул трансформаторлорду орнотуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчиктештирүү башкармалыгына жана Бишкек башкы архитектурага, Чүй жана Талас облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалык органдарына, архитектура жана курулуш бөлүмдөрүнө кайрылып, объектилерди орнотуу үчүн жерди бөлүп берүү процедураларын ишке ашырды.

2018-жылдын 1-июлуна “Түндүкэлектр” ААК 14 кошумча трансформатордук 6/10-0,4 кВ чыңалуусундагы көмөкчордондорду орнотту, анын ичинен:

Бишкек шаарына-1;

Чүй облусуна-12;

Талас облусуна-2

Пикир

Оставить комментарий