• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сезондук сасык тумоо. Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына кошумча 100 орун даярдалды

Ден соолук 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасында кошумча 100 орун даярдалды. Бул тууралуу «Биринчи райдионун» түз эфиринде балдар ооруканасынын соматикалык оорулар бөлүмүнүн башчысы Назира Дадажанова билдирди.

Анын айтымында, кошумча орундар нефрология, нейрохирургия, неврология жана урология бөлүмдөрүндө даярдалды. Ошондой эле Республикалык диагностикалык борборуна дагы кошумча 70 орун даярдалды.

«Көбүнчө 1 жашка чейинки балдар оорунун коркунучтуу белгилери менен 5-7 күнгө жаткырылууда. Андан тышкары, оорусу жеңилдер амбулатордук дарланууга жөнөтүлүп жатат», - деди ал.

Ошону менен бирге Дадажанова ата-энелерге төмөнкү ооруканалар дагы балдар да кабыл алынарын эскертти: Биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борборлору, жеке клиникалар жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбору («Жал» ооруканасы). Үйүңүзгө жергиликтүү педиатрды да чалсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий