• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сезондук тыныгуудан кийин “Солтон-Сары” кени ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Сезондук тыныгуудан соң “Солтон-Сары” кенинин алтын чыгаруучуу фабрикасы өз ишин жандарды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК басма сөз кызматы билдирди.

Фабрикада тыныгуу мезгилинде “Солтон-Сары” кенинин айрым бөлүктөрүндө оңдоо иштери жасалып, 4500 миң тоннага жакын кен табылды.

“Солтон-Сары” кенинде өндүрүштү кеңейтүүнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын июнунда алтын чыгаруучу фабриканын экинчи линиясы ишке кирди. Бул дагы кошумча 6 кг жакын алтынды өндүрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, Алтын-Төр тилкесинде 2016-жылдын январында башталган геологиялык чалгындоо иштери уланууда. Бул жердин жалпы камы болжол менен 539,79 миң тонна кенди түзөт.

Учурда ишканада 156 адам иштейт.

Маалымдама: “Солтон-Сары” кени “Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк филиалдарынын бири. Бишкектен Нарын облусуна карай 355 чакырымда Капка-Таш тоо кыркасынын түндүгүндө деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий