• 84.79
  • 96.23
  • 1.13

Үшүккө алдырганда дене тканы жабыркайт. Кантип анын алдын алуу керек?

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жакынкы күндөрү аномалдуу суук болору күтүлүүдө. ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 26-29-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, өлкө аймагында нормадан ылдый суук болушу мүмкүн.

ӨКМдин маалыматында, Кыргызстанда мындай аномалиялык суук аба ырайы 2012-жылдын январь айында байкалган, анда 18нен 21-январь күндөрү КРдин көпчүлүк аймактарында абанын температурасы орточо эсеп менен нормадан 10... 15° төмөн болгон.

Мындай суукта көпчүлүк адамдар үшүккө алдырышы ыктымал.

Үшүккө алдыруу аба ырайынын ызгаардуу суугунда гана эмес, нөлгө жакын температурада да болушу ыктымал. Үшүккө алдырууга шамал, нымдуу аба, ным жана тар кийим, мээлей, мас абалында болуу, организмдин начарлашы түрткү берет. Көбүнчө кол-буттун манжаларын, мурун, кулакты үшүк алат.

Адистер эмне кеңеш берет:

- Абдан суук болгон кезде мүмкүн болсо үйдөн чыкпаш керек, айрыкча жаш балдар жана кары-картаңдар. Суукта гипотермия пайда болушу ыктымал – башкача айтканда дененин ички табынын төмөндөшү.

- Сыртта жүргөндө бир орунда турбоо сунушталат, колдон келишинче ары-бери басып кыймылда болуп туруу керек. Абдан эле үшүп баштасаңыз жакынкы жердеги дүкөн, кинотеатр же болбосо чоң соода-борборлоруна кирип туруңуз, ал жакта сыртка караганда кыйла жылуу болот.

- Кийген кийимиңиз жеңил, көп кабаттуу жана сөзсүз түрдө денеге жагымдуу тигилген кездемеден болуусу шарт. Анан дагы баш кийим кийүүнү унутпоо абзел. Бутуңузга - кенен бут кийим жана жүн байпак.

Үшүккө алдырганда эмне кылуу керек:

-Тоңуп калган денени тезинен жылытуу керек: жылуу бөлмөгө (температурасы 18—20°С) кирип, жылыткыч коюп, ысык чай же кофе ичирүү сунушталат. Үшүгөн колду жана бутту жылуу сууга салып калыбына келгенде таза кездеме менен сүрүп, таңып коюу керек.

- Үшүп калган денеге май сүртүү жолу да сунушталат.

Үшүккө алдыруу төрт даражага бөлүнөт.

Алар:

- Биринчи даражада тери кубарып, эч нерсе сезбей, ал жер шишимик тартып, ооруйт жана кычышат; жылыгандан кийин жапа чеккен жер көгөрөт, анан шишийт, бир аздан кийин тери түлөйт, 2—3 күндөн кийин айыгып кетет.

- Экинчисинде жогоркудай эле белгилер байкалып, бир канча убакыттан кийин суу толгон ыйлаакчалар пайда болот; 10—12 күндөн кийин кургап, 2—3 жумага созулуп барып айыгат.

- Үчүнчүсүндө кан аралаш суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот, бир нече суткадан кийин алардын орду жансызданып, анан жарылып тырык катат.

- Төртүнчүсүндө бардык жумшак ткандар, кээде сөөк ткандары да жансызданат (өлөт).

Маалымат интернет булактарынан алдынды

Пикир

Оставить комментарий