• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үшүктүн кесепетинен дыйкандар 301 млн 433 миң сом зыян тарткан – айыл чарба министри

Коом 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Үшүктүн кесепетинен дыйкандар 301 млн 433 миң сом зыян тарткан. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

“Үшүктөн келип чыккан зыяндарды аныктоо үчүн облустук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан сурамжылоо жүргүзүлүп, жеринде комиссия түзүлгөн. Азыркы убакта бизге зыяндын болжолдуу эсеби келди. Ал 301 млн 433 миң сомду түзөт”, - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында бул боюнча төрт маселе каралат. “Алар салыктык жана социалдык төлөмдөрдү жылдыруу, дыйкандардын банктардан алган насыяларын төлөө мөөнөтүн жылдыруу, ошондой дыйкандар тарабынан алынган үрөндөрдүн акысын төлөө мөөнөтүн узартуу”, - деп баса белгиледи министр.

Белгилей кестек, 8-9-апрелде республикада кар жаап, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облусунда, ошондой эле Ош облусунун айрым райондорунда үшүк жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий