• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шаар көчөсүндө заара ушаткан №265 маршрутканын айдоочусу иштен алынды – мэрия

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде заара ушаткан №265 маршрутканын айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда №265 маршрутканын айдоочусу унаанын эшигин ачып алып заара ушаткан видеосу тараган.

"B1924A мамлекеттик номери тагылган 265 маршрутканын Сагындыков К. аттуу айдоочусу иштен алынды. Ошондой эле бардык коомдук унааларды көзөмөлдөгөн компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк", - деп билдиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий