• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шаар күнүнө карата Бишкек "акчалай" белек алды

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов Шаар күнүнө карата Бишкекке "акчалай" белек – бир сом түрүндөгү чоң инсталляцияны тартуу кылды.

Ал белек Чүй проспектисиндеги чоң сааттын алдында орнотулган.

"Ар бир шаардын өзүнө таандык атмосферасы бар. Өзгөчө борбор шаарыбыз, канча жаштарды кучагына батырып, билим берип, ордун табуу жери болду десем жаңылышпайм. Ар бир кыргызстандыктын Бишкегибиз менен байланышкан кичинекей тарыхы, жеке сыры бар", - деп жазган депутат фейсбуктагы баракчасында.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, сүрөткө түшүүгө өзгөчө жерди издеген шаар тургундары менен коноктору үчүн ал жер ылайык келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий