• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаар күнүнө карата Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыгат – мэр Суракматов

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Шаар күнүнө карата Бишкекте жаңы автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, 20-апрелден кийин шаарга мурда сатып алынган 60 автобус келет.

"Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгарууну пландап жатабыз. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырышыбыз мүмкүн", - деди ал.

Ал белгилегендей, долбоордун экинчи баскычы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Бизде 3-4 вариант бар. Бул маселе бир ай ичинде чечилет", - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий