• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шаар мэри “Алай” футболдук командасын Супер Кубокту жеңиши менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өлкөнүн чемпиону “Алай” футболдук клубунун вице-президенти Сейитбек Аматовду, оюнчуларды жана машыктыруучуларды кабыл алды.

А.Кадырбаев команданын курамын быйылкы жылы да Кыргызстандын Суперкубогун утуп алышы менен куттуктап, жалпы шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирди.

“Ош шаарынын “Алай” футбол клубунун оюнчулары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн футбол клубдарынын катарын толуктап, татыктуу оюндарды көрсөтүп жаткандыгы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу.

2015-2017-жылдары катарынан Өлкөбүздүн чемпиону аталып, өткөн жылы, быйыл да өлкөнүн Супер Кубогун жеңип алдыңыздар. Бул спорттук жеңишиңиздер үчүн жалпы шаардыктардын жана күйөрмандардын атынан сиздерге чоң ыраазычылык билдирем.

Алдыда сиздерди Азия Конфедерациясынын кубогу үчүн болгон мелдеш күтүп турат. Бул мелдеште да “Алай” командасы өзүнүн жеңиши менен жалпы күйөрмандарын кубантат деп терең ишенүү менен ийгилик каалайм. Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча клубду камкордукка алуунун, каржылоону көбөйтүүнүн аракеттерин көрүп келе жатат. Бул аракетибиз мындан ары да улана берет”,-деди шаар мэри.

Жолугушуунун жүрүшүндө, “Алай” командасы шаар мэрине өлкөнүн Супер Кубогун жана клубдун президенти катары медалды тапшырды.

Айта кетсек, өлкөнүн Суперкубогу үчүн болгон мелдеш кечээ 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда өттү. Анда Ош шаарынын “Алай” командасы менен Бишкек шаарынын “Дордой” командасы беттешип, жыйынтыгында “Алай” командасы 4:2 эсебинде жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий