• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алып, арыздарын укту

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кечээ, 2-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар тургундарын кабыл алып, арыз, кайрылууларын укту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери да катышты.

Шаар тургундары материалдык жардам, ипотекалык негизде үй алуу, жер бөлүп берүү, талаш жер чектери, жол, суу, электр мамычалары тууралуу мэрге кайрылышты.

Алмаз Мамбетов 20га жакын жаранды кабыл алып, алардын маселелерин чечүү боюнча жеринде тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Алардын катарында шаардын 224 кварталда электр чубалгыларын тартуу, трансформаторлорду орнотуу боюнча каражат бөлүүнү 2022-жылдын бюджетине киргизүү, жол маселесин тезинен чечүү боюнча тапшырма берди.

Айрым жарандардын маселелери боюнча бир жумалык тактоо иштери жүрмөк болду.

Ошондой эле, материалдык жардам сурап келген айрым жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Айта кетсек, шаар мэри Мамбетов ар жуманын шейшемби күнү шаар тургундарын кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий