• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шаар тургундарына 4 млн сомдон ашык айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Бузуулар жөнүндө кодексин бузган шаар тургундарына 4 млн сомдон ашык айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, санитардык-экологиялык инспекция 15-майдан 30-ноябрга чейин Бузуулар тууралуу кодекстин 70, 71, 119, 119-1 жана 120-беренелери боюнча 453 протокол түзүп, ал боюнча жалпы 4 млн 102 миң 500 сом айыппул салынган.

Негизинен жарандарга өз ээлигиндеги жерди тазалабаганы, желим, таштанды күйгүзгөнү үчүн айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий