• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шаар тургундарына ыңгайлуу болуусу үчүн оңдолуп жаткан көчөлөрдүн картасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. «2 ГИС» Эл аралык маалыматтык кызматы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте оӊдолуп жаткан көчөлөрдү картага киргизишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык муницпалитет калаанын жолдорун оӊдоп жатат. Ал эми картада унаа кыймылы үчүн жабылган көчөлөр киргизилген. Карта айдоочулардын алдын ала жол тандап алууларына жардам берет.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы кварталдар аралык жана райондордун ички жолдорун калыбына келтирүү программасынын алкагында шаардык бюджеттин эсебинен «Кызыл куруучу» жаӊы конушунун Бельская, Нурек, Сары-Челек, Бухара, Наманган көчөлөрүн оӊдоо иштерин баштады.

Аталган көчөлөрдүн узундугу 6 миӊ 770 погондук метр. Оӊдоо иштерин 2017-жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Ошондой эле, Калинин көчөсүнүн Көлбаев көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин жолду оӊдоо улантылууда. Мындан тышкары, 2016-жылы бүткөрүлбөй калган Шабдан Баатыр көчөсү Исакеев көчөсүнөн Кийизбаева көчөсүнө чейинки бөлүгүн оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө. Оӊдоо иштерин 2017-жылдын июнь айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Кайсы көчөлөр оӊдолуп жаткандыгы жана унаа кыймылы үчүн жабылгандыгы тууралуу маалыматты 2gis.kg сайтынан билсеӊиздер болот. Оӊдолуп жаткан көчөлөр картада кызыл менен белгиленген. Аны басуу менен өткөрүлгөн оӊдоо иштери тууралуу кыскача маалымат ала аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий