• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаар тургундарынын тынчын алган унаанын айдоочусу кармалды (сүрөт, видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундарынын тынчын алган "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, социалдык тармактарда белгисиз айдоочу "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа менен шаар тургундарынын тынчын алып, катуу үн менен авто бейбаштык жасагандыгы тууралуу видео жарыяланган.

"Айдоочунун жоопкерчилигин кароо максатында милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Бүгүн, 25-ноябрда болжол менен саат 10:45те Достоевский жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын 29 жаштагы Ж.У. аттуу айдоочусу кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча айдоочуга карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 124-беренесине ылайык протокол толтурулуп, 7 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий