• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаарда #Бишкектүтүн аталыштагы акция өттү

Коом 0

Бишкек, 20.02.20 /Кабар/. Жаштардын "Жашыл Кыргызстан" экологиялык кыймылы шаарда #Бишкектүтүн көргөзмө акциясын өткөрүүдө.

Акция Ала-Тоо аянтында өтүүдө.

Акциянын алкагында анын уюштуруучулары бир нече талаптарды айтып чыгышкан. Анын ичинде эски унааларды киргизүүгө тыюу салуу жана бара-бара дизелдик кичи автобустарды каттамдардан алуу талаптары бар.

Бишкекте абанын булганышы тууралуу көптөн бери айтылып келет. "AirVisual" платформасынын рейтинги боюнча, Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы шаарлардын катарына бир нече ирет кирген.

Эскерте кетсек, биринчи ирет #Бишкектүтүн акциясы 12-декабрь күнү болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий