• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн мамлекеттик орган, ММК кызматкерлеринде күбөлүгү болсо жетиштүү – Суракматов

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эл арасында маалымкаттар боюнча жаралган суроого жооп берди.

Анын айтымында, өзгөчө абал аяктаганына байланыштуу комендатуранын иши токтотулду жана алар берген уруксат кагаздары учурда жараксыз. Эми шаар ичинде жүрүү үчүн иштөөсүнө уруксат берилген ишкана-мекемелерде иштегендердин жанында өздүгүн күбөлөндүргөн документ, жашаган жери боюнча маалымкат, иштеген жеринен маалымкат болушу керек жана ал маалымкатта райондук салык органынын мөөрү жана колу болушу керек.

"Үчүнчү этап боюнча иштөөсүнө уруксат берилген ишкерликтин түрлөрүнө салык кызматынын патенти бар болсо шаарда ичинде жүрүүсүнө жол берилет", - деди ал.

Ошол эле учурда айрым тармактын кызматкерлеринин жанында күбөлүгү же иштеген жеринен маалыматы болсо (салык кызматынан мөөр бастыруунун кереги жок) алар шаарда тоскоолдуксуз жүрө алышат.

"Мамлекеттик орган, муниципалдык кызмат, дарыгерлерге, ИИМ, атайын кызмат, ӨКМ кызматы, ММК, коммуналдык жана энергетика кызматтарынын кызматкерлери күбөлүгү же иштеген жеринен маалымкаты болсо (салык кызматынан мөөр бастыруунун кереги жок) шаарда тоскоолдуксуз жүрө алат", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-май күнү өлкөнүн айрым аймактарында киргизилген өзгөчө абал тартиби аяктады. Бирок Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий