• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаардагы карылар менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлүүдө – мэрия

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык кызматкерлери карылар менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга үй жумуштары, медициналык кызмат боюнча жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Баары болуп 146 адамга үйүнө барып жардам көрсөтөбүз, алты күнгө деген эсеп менен жумасына эки ирет тамак жеткирилет. Өз алдынча жүрө кыла алгандар социалдык кызматкерлердин келишинен баш тартып, биз менен телефон аркылуу байланышууда", - деп билдирет мэрия.

Мэриядан белгилешкендей, карылар үйүндө турган кары адамдар жана реабилитациялоо борборлорундагы балдар өзгөчө көзөмөлдө турушат. Социалдык мекемелер карантинге жабылган: коноктордун келүүсүнө тыюу салынган, шашылыш болбогон учурда эч ким сыртка чыга албайт.

"Үйү жок адамдар үчүн ачылган "Коломто" жана башка баш калкалоочу жайлар да карантинге жабылып, сырттан келгендерди кабыл алып, бирок эч ким сыртка чыгарылган жок", - деп билдирет мэрия.

Мэриядан билдиришкендей, балдар жана жаштардын социалдык адаптация борборунда 25 бала, "Айданек" борборунда 56 бала, Ленин районунун карылардын үй-интернатында 38 кары-кемпир, кары жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Бишкек шаардык социалдык-стационардык мекемесинде 200 адам жана "Коломто" мекемесинде 68 адам жашап жатат.

Жардам берүүнү каалаган жарандар Бишкек шаарындагы социалдык өнүгүү боюнча райондук башкармалыктарга кайрылса болот:

- Биринчи май району – 0700 476546, Арсен Абдылдаев;

- Свердлов району – 0704 570513, Жамиляхан Жунусалиева;

- Октябрь району – 0772 670917, Рейна Султанмуратова;

- Ленин району – 0709 997441, Бүбүажар Мамбетсеитова.

Пикир

Оставить комментарий