• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаардагы мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

«Жакында Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма алынып салынды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Мурас-Ордо» жаңы конушунун №2271 тилкесинде жайгашкан турак үй түрттүрүлдү. Үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес. Ошондой эле №6 кичи районунун №10 үйүнүн жанына орнотулган тосмо алынды», - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий