• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Шаарды эмнеге айланттыңар?" – ӨКМ башчысы куруучулар менен "Бишкек башкы архитектурага" кайрылды

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. "Биздин шаарыбызды эмнеге айланттыңар?" – деп өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев курулуш компанияларга жана "Бишкек башкы архитектурага" кайрылды.

Эскерте кетсек, "Бишкек башкы архитектурада" премьер-министр Улукбек Мариповдун катышуусунда жыйын өтүүдө.

Ажикеев шаарда тротуарлар жок, жолдор ичке, ыш, жашыл зоналар жок экендигин айтат.

"Архитектуралык курулуштар үчүн бийик дарактарды кыйып, жапыз бактарды отургузуп жатасыңар. Архитектуралык жактан караганда имараттар кооз көрүнүүдө. Бирок шаарыбызда желдетүү жок. Кыш шаарыбыздын жашоо үчүн канчалык кооптуу экендигин көрсөттү", - деди ал.

"Азыр буга чейин берилген документтерди жокко чыгарбоо сунушу айтылды. Алар кандай мыйзам бузуулар менен берилген? Элиталык үйлөрдө үн өткөрүмдүүлүгү жогору. Унаа токтотуучу жай каралган эмес. Мен шаарыбыздын башка көрүнүшүнө өтүүнү сунуштайт элем. Бирдиктүү архитектуралык стиль керек", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий