• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаардык бюджет Нооруз жана 8-марттан 4,2 млн сом үнөмдөдү. Ал каражат кайда жумшалат?

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Коронавирустун алдын алуу иштерине байланыштуу өлкөдө, анын ичинде Бишкекте массалык маданий иш-чаралар өткөрүүгө тыюу салынган. Мындан улам март айында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө жана Нооруз майрамына карата уюштурула турган иш-чаралар өткөрүлбөй турган болгон.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, 8-март майрамына карата шаар бюджетинен 2,2 млн сом, ал эми "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө 2 млн сом каралган.

"Жыйынтыгында 4,2 млн сом шаар бюджетинде калат. Ал каражат борбор калаада өткөрүлө турган кийинки майрамдык иш-чараларга жумшалат", - деп билдиришти мэриядан.

Мэриядан белгилешкендей, Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы бул жылга карата 17 ири жана 1 миңден ашык чакан иш-чараны өткөрүүнү пландаган.

Пикир

Оставить комментарий