• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери согуштун ардагеринен кабар алышты

Аймак 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муктар Нургазиевден жана ооруктун каарманы Роза Килкеевадан кабар алышты,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматы.

Ардагерлерди Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктап дене тарбия жана спорт комитетинин атынан белектерди, тамак-аш азыктарын жана акча каражатын тапшырышты.

“Урматтуу ардагерлер, Улуу Жеңиш күнүндө сиздердин эрдигиңерге таазим кылабыз! Улуу эмгегиңер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге чың ден соолук, бейпил турмуш, бакубатчылык жана узун өмүр каалайбыз”,-деди комитеттин кызматкерлери.

Айта кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 15 ардагери, ооруктун 23 каарманы жашайт.

Пикир

Оставить комментарий