• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгын түзүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгын түзүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгы учурдагы Кайгуул-посттук кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча түзүлгөн ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу топтун сунуштарын ишке ашыруунун алкагында, 2019-жылдын 6-майынан 6-июнга чейин жаңы түзүлүп жаткан Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгына кызматкерлерди тандоо боюнча ачык сынак өткөрүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин орун басары Алмазбек Орозалиев тандоо сынагынын өтүүсү тууралуу маалымат берди.

«Бүгүнкү күнү 1024 рапорт жана арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 308 арыз жарандардан, 716сы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен келип түшкөн», - деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, пилоттук долбоорду ишке ашырууда кызматтын материалдык-техникалык базасын бекемдөө каралган.

«Пилоттук долбоор боюнча материалдык-техникалык базасын чыңдоого, анын ичинде жеңил унааларды, электрошокерлерди, борттук компьютерлерди жана башка атайын каражаттарды сатып алууга, ошондой эле атайын кийим менен камсыздоого 197 млн сом бөлүү болжонууда», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген иш-чараларды өз убагында каржылоону, ачык жана сапаттуу тандоо сынагын өткөрүүнү артыкчылыктуу тартипте камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий