• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шаардык мэрия Бишкек ысымдуу балага телевизор жана смартфон белек кылды

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев Бишкек ысымдуу баланы кабыл алышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, сегиз жашар Бишкек Табылдиев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында жашайт. Ал үй-бүлөдө эң кичүүсү, өзүнөн улуу төрт байкеси жана эжеси бар.

"Бишкек бизге экинчи класста окуурун жана билим алуу онлайн режиминде өткөрүлүп жаткандыгын айтып берди. Бишкекке жаңы форматта окуу жеңил болуусу үчүн шаардык мэрия телевизор жана смартфон белек кылды", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, апасы Чынардын айтуусу боюнча баланын атын чоң атасы Бишкек Баатырдын урматына койгон.

Эскерте кетсек, жакында Медет Төлөгөнов аттуу шаар тургуну социалдык тармактарга кичинекей, бети кызыл Бишкек аттуу баланын сүрөтүн жүктөп, Кажы-Сайда жашарын белгилеген. Бишкек мэриясынан баланы таап, аны менен таанышууну чечишкен.




Пикир

Оставить комментарий