• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Шаардык милиция дайынсыз жоголгон жаранды издөөдө

Коом 0

Бишкек, 4.12.17. /Кабар/. Биринчи май райондук ИИБ дайынсыз жоголгон 1954-жылы туулган Кушматов Имарали Набиевичти издөөдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул адам 2017-жылдын 24-ноябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, орто дене түзүлүштөгү, чачы кыска, кара, көздөрү күрөң, кашы кара калың, бети сүйрү, кара тору.

Кара түстөгү күрмө, кара спорттук шым, кара кышкы бут кийим кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери жок.

И.Н.Кушматовдун кайда экенин билгендер болсо, Биринчи май райондук ИИБине төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуну өтүнөбүз: 0 (312) 56-82-60; 0(555) 102-497; 0(555) 102-199; 0(707) 65-45-55, же «102» кызматына.

Пикир

Оставить комментарий