• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шаардык милициянын 18 кызматкери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн жумуштан айдалды

Коом 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүндө 670 эмгек тартибин жана мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, тартип бузгандардын 565и жаза алып, 18и жумуштан айдалган. 8 адам ээлеген кызматынан бошотулган, 3 факты боюнча кылмыш иши козголуп, ага 4 кызматкер катышууда.

“2018-жылдын 1 кварталында “ишеним телефонуна” кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу жарандардан 24 кайрылуу түшкөн. 2018-жылдын башынан бери шаардык милициянын ИИБне жарандардан 12 миң 714 кайрылуу жана арыз түшкөн. Анын ичинен ИИБдин башчылары 4860ын карап чыгышкан”, - деп билдирди Рахманов.

Пикир

Оставить комментарий