• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шаардык муниципалитетте жер өтмөктөрүн куруу долбоорлору иштелүүдө

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Бүгүнкү күнү Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы соода комплекстерине жакын шаардын кыймылдуу көчө кесилиштеринде лифт жабдууларын орнотуу менен жер өтмөктөрүн куруу долбоорлорун иштеп жатат.

Долбоорлор кыймыл көп көчөлөр боюнча иштелүүдө:

- Шабдан Баатыр – Мамбетов көчөлөрү («Мадина» СК);

- Жибек Жолу жана М. Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан Датка («Аламедин» СК);

- Чүй проспектиси менен Шопоков кесилиши («БУМ» СК);

- Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилиши («Ош базары» СК);

2017-жылга карата иш пландарына ылайык Шабдан Баатыр – Мамбетов көчөлөрүнүн («Мадина» СК) кесилишинде, Жибек Жолу жана М. Жалил көчөлөрүнүн ортосундагы Курманжан Датка («Аламедин» СК) көчөсүндө эки жер өтмөктөрүн куруу пландалууда.

Сынактык билдирүүлөрдү ачуу үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде өтөт. Жер өтмөктөрүнүн курулушун 2017-жылдын 31-августуна аяктоо пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий